Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин IV чакырылыштагы кезектеги ХXXIV ceссиясы
2020-жылдын 6-ноябры № 7
Нарын шаардык Кеңешинин IV чакырылыштагы ХХХII сессиясынын 3-токтомунун 4-пунктунун аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык, Нарын шаарынын 1-вице-мэри Д.Курмановдун токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Нарын шаардык мэриясы жана Нарын суу канал ишканасынын финансылык жана жалпы ишмердүүлүгүн карап чыгуу үчүн түзүлгөн мекеме, ишканалар аралык жумушчу комиссиясы тарабынан Нарын шаардык Кеңешинин IV чакырылыштагы ХХХII сессиясынын 3-токтомунун 4-пункту аткарылбагандыгы белгиленсин жана токтом толугу менен аткарууга алынсын.
2. Нарын шаардык Кеңешинин IV чакырылыштагы ХХХII сессиясынын 3-токтомунун 4-пунктун аткарбаган жетекчилердин, кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо жагы Нарын шаарынын мэрине тапшырылсын жана маалымат берсин.
3. Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын карамагында турган айрым автоунааларды ишкананын эсебинен чыгыштоо жана сатуу иштерин тез арада бүткөрүү Нарын шаардык мэриясына, Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” жана муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү ишканаларына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Ж.Ботоканов |