Загрузка документа…
СEМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXIII-сессиясы
2020-жылдын 04-марты № 33/3
Чоӊ – Азык каналын оӊдоого акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тоо-Арсы айылдарындагы Чоӊ-Азык каналын оӊдоо үчүн 2020-жылдын бюджетинде Нооруз майрамын өткөрүүгө каралган акча каражатын жылдырып берүү боюнча Б.Көбөновдун жазган сунушун угуп, талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеӊеши, токтом кылат:
1. Кара-Тоо-Арсы айылдарындагы Чоӊ-Азык каналын оӊдоого ӊооруз майрамын өткөрүү үчүн каралган акча каражатынан 49000 (кырк тогуз миӊ) сом жылдырылып берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Акишовго тапшырылсын.
Төрага: | Р.Базаркулов |