Загрузка документа…
СEМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXIV-сессиясы
2020-жылдын 04-марты № 34/1
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Т.Дыйкановдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Сөң-Көл жайлоосундагы « Чоң-Түз-Ашуу» участкасына Жумгал районунун Жаңы-Арык айыл өкмөтүнун жайыт пайдалануучулары, өзү билемдик менен жайыт мыйзамдарынын талаптарын бузуп, жайыт жерине отурукташып алышкандыктан, мыйзам чегинде карап, чечип берүү жөнүндө Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Т.Дыйкановдун кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши, токтом кылат:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Сөң-Көл жайлоосундагы « Чоң-Түз-Ашуу» участкасына Жумгал районунун Жаңы-Арык айыл өкмөтүнун жайыт пайдалануучулары, өзү билемдик менен жайыт мыйзамдарынын талаптарын бузуп, жайыт жерлерге отурукташып алгандыгы белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузуп жаткандыгына байланыштуу Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына, Жумгал райондук мамлекеттик администрациясына, Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылып, жайыттарды мыйзам чегинде Семиз-Бел айыл өкмөтүнун жайыт пайдалануучуларынын пайдалануусуна чечип берүү жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго тапшырылсын.
Төрага: | Ж.Ботоканов |