Загрузка документа…
СEМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXIV-сессиясы
2020-жылдын 14-майы № 34/2
Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин 2020-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесинин жана «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Т.Дыйкановдун маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеӊеши, токтом кылат:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар комитетинин 2020-жылга карата түзүлгөн иш планы бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылдагы иш графигине ылайык бекитилсин.
3. Бекитилген иш пландын аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Акишовго милдеттендирилсин.
Төрага: | Р.Базаркулов |