Загрузка документа…
СEМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXIII-сессиясы
2020-жылдын 14-майы № 34/3
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн ар кандай долбоорлоруна каралып, бекитилген акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинде ар кандай долбоорлорго каралып бекитилген акча каражатын жылдыруу боюнча кайрылган депутаттардын сунушун угуп, талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеӊеши, токтом кылат:
1. Кара-Тоо айылындагы свалканын 254 м. жерин тосууга каралган 149200 (бир жүз кырк тогуз миӊ эки жүз) сом жетпей калгандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн бюджетинин ар кандай долбоорлорго каралган акча каражатынан 204560 (эки жүз төрт миӊ беш жүз алтымыш) сом, бюджеттен жалпы 204560 (эки жүз төрт миӊ беш жүз алтымыш) сом, жана Кара-Тоо айылындагы спорт комплекстин курулуш иштери аяктагандыктан технадзор жалдоого атайын каражаттан 88000 (сексен сегиз миӊ) сом, бардыгы 292560 (эки жүз токсон эки мин беш жүз алтымыш) сом акча каражаты жылдырылып берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Акишовго тапшырылсын.
Төрага: | Р.Базаркулов |