Загрузка документа…
СEМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXIV-сессиясы
2020-жылдын 14-майы № 34/4
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин жооптуу катчысы кызмат ордун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2020-жылдын 4-мартындагы № 124 Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы № 64 «Айылдык кеӊештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому менен таанышып жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеӊеши, токтом кылат:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеӊешине жооптуу катчы кызмат оруну бекитилсин.
2. Айылдык Кеӊештин жооптуу катчысынын айлык акысын Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Кочкор райондук каржы бөлүмү менен макулдашып, бекитип берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы, башкы эсепчи А.Касымовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Акишовго тапшырылсын.
Төрага: | Р.Базаркулов |