Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXVI-сессиясы
2020-жылдын 12-ноябры № 36/1
Чекилдек айылындагы «Бакечал» каналын тазалоого акча каражатын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө» мыйзамынын негизинде Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Чекилдек айылындагы «Кара-Аңыз», «Коргон» участкаларына суу кетүүчү «Бакечал» каналынын жээгин балыр басып, чырканак бак сууну тосуп калгандыгына байланыштуу, арыкты кеңейтип тазалоо үчүн акча каражатын кароо боюнча айылдык Кенештин депутаттарынын сунушун угуп, талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеӊеши, токтом кылат:
1. Чекилдек айылындагы «Кара-Аңыз», «Коргон» участкаларына суу кетүүчү «Бакечал» каналынын жээгин тазалоо үчүн 150,0 (бир жүз элүү миң) сом каралып, бөлүнүп берилсин.
2. Каралган акча каражатын мыйзамдын негизинде тендерге жарыялап, которуп берүү жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси А.Касымовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Акишовго тапшырылсын.
Төрага: | Р.Базаркулов |