Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXVI-сессиясы
2020-жылдын 12-ноябры № 36/2
Кара-Тоо айылынын (Ууру-Короо) аймагындагы «Сыргак» участкасынан жайыт жерлер категориясынан башка жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү № 145 мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-13-беренесин 2-бөлүмү, 25-беренесинин жана Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Кара-Тоо айылынан «Сыргак» участкасындагы 5,9 га жер аянты «Кыргызмамжердолборлоо» мамлекеттик ишканасынын 13.10.2020 № 01-30-\ 489 чу аныктамасын жана Семиз-Бел айылы өкмөтүнүн жер комиссиясынын 20.10.2020-жылдагы № 06 протоколун жетекчиликке алып жайыт жерлер категориясынан башка жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө Семиз-Бел айылдык Кеӊеш, токтом кылат:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тоо айылынын № 133 контурундагы (Ууру-Короо) аймагындагы «Сыргак» участкасындагы 5,9 га жер аянтын жайыт жерлер категориясынан Кирпич заводко топурак алууга карьер кылуу үчүн башка багыттагы жерлерлер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун (трансформациялоо) тартиби жөнүндө» убактылуу Жобого ылайык, жер отчетуна өзгөртүү киргизип, укуктук күбөлөндүрүүчү документтерин тактап берүү жагы райондук мамлекеттик администрациясынын жер участокторун которуу (трансформациялоо) иштерин жүргүзүү комиссиясынан жана райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Акишовго милдеттендирилсин.
Төрага: | Р.Базаркулов |