Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXVI-сессиясы
2020-жылдын 12-ноябры № 36/3
Кара-Тоо айылынын «Автодром» участкасынын жайыт жерлер категориясынын өнөр жай, курулуш алдындагы жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү № 145 мыйзамын Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-13-беренесинин 2-бөлүмү, 25-беренесинин жана Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Кара-Тоо айылынан «Автодром» участкасындагы № 139 контурунан 3,0 га жер аянты «Кыргызмамжердолборлоо» мамлекеттик ишканасынын 13.10.2020 № 01-30-\ 490 аныктамасын жана Семиз-Бел айылы өкмөтүнүн жер комиссиясынын 20.10.2020-жылдагы № 06 протоколун жетекчиликке алып жайыт жерлер категориясынын өнөр жай алдындагы жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө Семиз-Бел айылдык Кеӊеш, токтом кылат:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тоо айылынын №139 контурундагы «Автодром» участкасындагы 3,0 га жер аянтын жайыт жерлер категориясынан «Ɵнөр жайынын, транспорттун, байланыштын жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун (трансформациялоого) тартиби жөнүндө» убактылуу Жобого ылайык, жер отчетуна өзгөртүү киргизип, укуктук күбөлөндүрүүчү документтерин тактап берүү жагы райондук мамлекеттик администрациясынын жер участокторун которуу (трансформациялоо) иштерин жүргүзүү комиссиясынан жана райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Акишовго милдеттендирилсин.
Төрага: | Р.Базаркулов |