Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXVI-сессиясы
2020-жылдын 12-ноябры № 36/4
Семиз-Бел айылынын «Чычканчы» участкасындагы жайыт жерлер категориясындагы жер аянтына таштанды төгүүгө (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү № 145 мыйзамынын Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-13-беренесин 2-бөлүмү, 25-беренесинин жана Семиз-Бел айылындагы «Чычканчы» участкасындагы № 43чү контурундагы 1,0 га жер аянтын «Кыргызмамжердолборлоо» мамлекеттик ишканасынын 13.10.2020 № 01-30-\ 491 аныктамасын жана Семиз-Бел айылы өкмөтүнүн жер комиссиясынын 20.10.2020-жылдагы № 06 протоколун жетекчиликке алып, жайыт жерлер категориясынан башка жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө Семиз-Бел айылдык Кеӊеши, токтом кылат:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Семиз-Бел айылындагы №43 контурундагы «Чычканчы» участкасынан 1,0 га жер аянтын жайыт жерлер категориясынан калктын тазалык тиричилиги үчүн таштанды төгүүгө жерди башка багыттагы жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169 токтому менен бекитилсин «Жер участокторун (трансформациялоо) тартиби жөнүндө» убактылуу Жобого ылайык, жер отчетуна өзгөртүү киргизип, укуктук күбөлөндүрүүчү документтерин тактап берүү жагы райондук мамлекеттик администрациясынын жер участокторун которуу (трансформациялоо) иштерин жүргүзүү комиссиясынан жана райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Акишовго милдеттендирилсин.
Төрага: | Р.Базаркулов |