Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXVI-сессиясы
2020-жылдын 12-ноябры № 36/6
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Чекилдек айылындагы клубду дем берүүчү үлүштүк гранттардын эсебинен капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк салым бөлүп берүү жѳнүндѳ
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Чекилдек айылындагы клубду дем берүүчү үлүштүк гранттын эсебинен капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк салым бөлүп берүү жѳнүндѳгү депутаттардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык- экономикалык негиздери жөнүндө» мыйзамынын негизинде Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ѳздүк салым үчүн 15 пайыз 450 000 (төрт жүз элүү мин) сом айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен Чекилдек айылындагы клубду капиталдык ремонттон өткөрүү долбооруна 2021-жылдын бюджетине каралып, бөлүнүп берилсин.
2. Долбоор жактырылгандан кийин акча каражатын каржылап берүү жагы ФЭБ башчысы А. Касымовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кенешинин бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Р.Базаркулов |