Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-июлу № 1
Жумгал районун аймактык ооруканасынын, Жумгал райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун, Жумгал райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемологиялык көзөмөлдөө борборлорун «COVID-19» инфекциясын алдын алуу үчүн керектүү медициналык жабдуулар, дары-дармектер менен камсыз кылуу жана материалдык техникалык базасын чыңдоо боюнча Жумгал районун өнүктүрүү фондусунан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 09-апрель 2020-жылдагы №198 токтомунун негизинде акча каражатын суроого макулдук бер тууралуу.
Жумгал районун аймактык ооруканасынын, Жумгал райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун, Жумгал райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемологиялык көзөмөлдөө борборлорун «COVID-19» инфекциясын алдын алуу үчүн керект медициналык жабдуулар, дары-дармектер менен камсыз кылуу жана материалдык техникалык базасын чыңдоо боюнча Жумгал районун өнүктүрүү фондусунан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 09-апрель 2020-жылдагы №198 токтомунун негизинде акча каражатын суроого макулдук берүүгө Чаек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары кезексиз сессиясын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал районун аймактык ооруканасынын, Жумгал райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун, Жумгал райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемологиялык көзөмөлдөө борборлорунун кайрылууларынын негизинде арыздын формасы даярдалып акча каражаты Жумгал районун өнүктүрүү фондусунан суралсын.
2. Токтомдун аткарылышы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Алымкуловго жүктөлсүн.
Тѳрага | З.Ү.Бозбалаев. |