Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXVI сессиясы
2020-жылдын 21-февралы № 36/2
Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Ак-Кыя айыл аймагын өнүктүрүү Фонду» мекемеси жѳнүндѳ
Ак-Кыя айыл аймагын өнүктүрүүнүн пландаштыруу жагында айыл аймагына караштуу жер аянттарын иштеткен ишканалардан, жеке ишкерлерден жана башка ишканалардан жардам катары түшкөн акча каражаттарын жана социалдык пакетин натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу» мыйзамынын жетекчиликке алып Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн алдында «Ак-Кыя айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемеси түзүлсүн.
2. Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында «Ак-Кыя айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесин түзүү жана уставын бекитүү жагы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына "Ак-Кыя айыл аймагын өнүктүрүү Фонду" мекемесинин директорун, бухгалтерин жана Байкоочу Кенешинин 7 ден кем эмес мүчөсүн, төрагасын бекитүү жагы тапшырылсын.
5. Өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүүну уюштуруу жагы Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Зарлыков |