Загрузка документа…
АК КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХХVII сессиясы
2020-жылдын 28-апрели № 37/1
Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин келишим мөөнөтүн узартуу жөнүндө
Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин келишим мөөнөтү бүткөндүктөн мөөнөтүн узартуу тууралуу жер адис Р.Музакановдун маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Келишим мөөнөтү бүткөн «Заправка» участкасындагы КБФнун жерлери болуп жаткан кырдаалга байланыштуу конкурс өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан 1(бир) жылдык мөөнөткө узартылсын.
2. Аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө 1(бир) жылдык мөөнөт менен келишим түзүп,ченеп берүү жагы жер адиске милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселеси боюнча комитетине тапшырылсын.
Төрага | Р.Зарлыков |