Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХХVII сессиясы
2020-жылдын 28-апрели № 37/2
Айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин келишим мөөнөтү бүткөндүгү жана кайра бөлүштүрүү иштеринде кетирген кемчиликтер жөнүндө
Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин келишим мөөнөтү бүткөндүгү жана кайра бөлүштүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу жер адис Р.Музакановдун маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер маселеси боюнча иштеринде кемчиликтерди кетирген айыл өкмөттүн жер адиси Р.Музакановго жана айыл башчы К.Төлөмүшовго кызматтык чара көрүү жагы өкмөт башчы Т.Турдубековго сунушталсын.
2. Келишим мөөнөтү бүткөн КБФнун жерлерин,жерлерди келишим менен алып жүргөн айыл тургундарынын тизмесин тактап, тез арада маалымат берүү жагы жер адис Р.Музакановго милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселеси боюнча комитетине тапшырылсын.
Төрага | Р.Зарлыков |