Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХХVII сессиясы
2020-жылдын 28-апрели № 37/3
Базар куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Калктын керектөөлөрүн,санитардык эпидемиологиялык,өрткө каршы,шаар куруу ченемдерин канааттандыруу максатында,Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесин жетекчиликке алуу менен колдонулбай жаткан жерлерди рационалдуу пайдалануу үчүн Жаны-Жол айылында 12.03.2020-жылдагы өткөрүлгөн №5 элдик жыйындын чечимин талкуулап, Ак-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айыл аймагындагы, «Төрт-Этаж» участкасындагы №367 контурунда жайгашкан, жалпы аянты 12,5га.болгон жер тилкеси Жаныбек уулу Эрниске келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин элге кызмат көрсөтүү үчүн женил курулуш менен базар курууга пайдаланууга берилсин.
2. Жаныбек уулу Эрниске төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:
-айыл өкмөт башчысы менен жер тилкесин ижарага алуу келишимин түзүү;
-жер тилкесине болгон укуктарды жергиликтүү каттоо органында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүү;
-жергиликтүү каттоо органында убактылуу пайдалануу боюнча мамлекеттик актына түзүү;
-зарыл болгон учурда берилген жер тилкесинде жана ага түздөн-түз жакын жайгашкан аймактагы жолдорду,коммуникацияларды техникалык тейлөө үчүн эркин жол ачууну камсыздоо;
-базарга пайдалануу үчүн берилген аймакка суу,жарык киргизүү,кирүүчү жолдорду асфальттоо,жан жолдорду плитка(брусчатка) менен күчтөндүрүү,аймакты тазалап турууну камсыздоо,талаптагыдай техникалык,санитардык,эстетикалык абалдарын камсыз кылуу.
3. Берилген жер тилкесине уруксаты жок,долбоорлорду каттоо органдарына макулдашпастан жаны курулуштарды курууга тыюу салынсын.
4. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчы Т.Турдубековго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тийиштүү комитетке тапшырылсын..
Төрага |
Р.Зарлыков |