Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Учкун айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXX чакырылышынын депутаттарынын сессиясы
№1 ТОКТОМУ
17-февраль 2020- жыл
“Нарын” өндүрүштүк ишканасы жоопкерчилиги чектелген коомунун кубаттуулугу 100МВт түзгөн Куланак ГЭСинин объктилеринин жана айыл чарба багытындагы жерлерди сугаруу үчүн арналган сугат тутумдарынын (мелиорация системаларынын) курулушуна бөлүнүүчү жер аяттарынын категорияларын которууга макулдук берүү жɵнʏндɵ.
“Нарын” өндүрүштүк ишканасы жоопкерчилиги чектелген коомунун кубаттуулугу 100МВт түзгөн Куланак ГЭСинин объктилеринин жана айыл чарба багытындагы жерлерди сугаруу үчүн арналган сугат тутумдарынын (мелиорация системаларынын) курулушуна жөнүндө Учкун айыл аймагына тийиштүү жер аянттарын бөлүп берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19- айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ушул токтомдун 2.3.4.5.6-пунктарында көрсөтүлгөн аянт 121,24га жер категориясын которуунун негизи “Нарын” өндүрүштүк ишканасы жооперчилиги чектелген коому кубаттуулугу 100МВ түзгөн Куланак ГЭСин жана сугат жер аянттарын 4650 гектардан 6769 гектарга жеткирүүгө жана эффективдүү эмес насостук станцияны жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк жарата турган айыл чарба багытындагы жерлерди сугаруу үчүн арналган сугат тутумдарын (мелиорация системаларын) куруу.
2. Жайыт 4.3 га башка жерлер 0.2 га жалпы 4.5 жер аянттын айыл чарба багытындагы жерлер категорясынан өнөр жайдын транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багытындагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
3. Токой фондусунун жалпы 2.9 га жер аяттын токой фондусу категориясынан өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
4. Чөп чабынды 1.9 га жайыт жерин 28.6 га токой аянттары 2.1 га. курулуш алдындагы, короо алдындагы, көчөлөр алдындагы 0.64 га, башка жерлер 11.2 га жалпы 44.44 га жер аянттын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан суу фондусунун жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.
5. Жолдор 5.0 га жео аянтын 0.1 га, жолдордун, мал айдап чыгуучу жолдордун, аянтардын астында 4.9 га , жалпы 10.0 га категориясынан өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонун жана башка багыттагы жерлер категориясына суу фондусунун жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.
6. Токой фондусунун жалпы 59.4 га жер аянтын токой фондусу категориясынан суу фондусунун жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.
7. Убактылуу курулуучу обьектилердин жер аянттарын тактап “Нарын” өндүрүштүк ишканасы жооперчилиги чектелген коому тарабынан сунушталсын.
8. Убактылуу бөлүнүп берилген жер аянты иштетилип, гидроэлектр курулуп бүтөрү менен (рекультивациянары менен), мурдагы калыбына келтирилип, сугат тармактарын оңдоп, айыл өкмөтүнүн карамагына кайра өткөрүлүп берилиши “Нарын” өндүрүштүк ишканасы жооперчилиги чектелген коомуна милдеттендирилсин.
9. Токтомдо белгиленген пунктар өз убагында толук аткарылбаса, ар кандай өзгөрүүлөр жана кырдаалдар пайда болгон учурда ушул токтомго өзгөртүүлөр жана кырдаалдар пайда болгон учурда ушул токтомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
10. Ушул токтомду Нарын райондук мамлекеттик админстрациясына сунуштоо иши Учкун айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы О.Өмүралиевге милдеттендирилсин.
Учкун айылдык Кенешинин төрагасы: | Э.Исмаилов |