Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Учкун айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXX чакырылыштагы кезексиз II сессиясы
№2 ТОКТОМУ
15-май 2020-жыл
Өзгөчө кырдаалга байланыштуу акча каражатын
чечип берүү жөнүндө.
Өзгөчө кырдаалга байланыштуу акча каражатын чечип берүү боюнча Учкун айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Учкун айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал киригизилсин. Өзгөчө кырдаал убактысы 15.05.2020-31.05.2020 жыл аралыгы белгиленсин.
2.Куланак, Учкун айылдарына бирден посттор уюшулсун, посттордо каттоо мыйзамга ылайык иштер жүргүзүлсүн. Постторго ГАИ, МЧМ, медицина кызматкерлери тартылсын.
3.Уюштуруу иштерине жана медициналык каражаттарга, дары-дармектерге акча каражаты жергиликтүү бюджеттен сметанын негизинде Куланак айылына 200 000(эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнуп берилсин.
4. Акча каражаттынын мыйзамдуу чыгышталышына бюджеттик комиссиянын көзөмөлгө алынуусу менен каралсын. Финансы Экономика бөлүмүнүн башчысы С.Кыдырмаевге милдеттендирилсин.
5. Медицина кызматкерлерине посттон маалыматтар штаб аркылуу берилсин. Медицина кызматкерлер-рейдтерди жүргүзүп айыл өкмөткө, штабка маалымат берилсин.
6. Айыл ичиндеги дүкөндөргө 15.05.2020-31.05.2020жылы ушул убакытта спирт ичимдигин сатууга тыйуу салынсын. Чектөө убактысы саат 800-2100го чейин.
7. 15.05.2020-31.05.2020жылы ушул убакыт аралыгында ар-кандай ырым-жырым, аш-тойлор, спорттук оюндарга 3(үчтөн) ашык киши чогулгандарга тыюу салынсын.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы О.Өмүралиевге жана Учкун айыл башчысы И.Исмаиловго милдеттендирилсин.
Учкун айылдык Кенешини төрагасы: | Э.Исмаилов |