Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XXXI сессиясы
2020-жылдын 23-июну № 31/150
К. Соодаев атындагы №9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жыл ичинде жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык калктын саламаттыгын сактоодо жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Ак-Кыя айылындагы К. Соодаев атындагы №9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысынын милдетин аткаруучу С. Айманованын отчетун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Калктын саламаттыгын сактоодо жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Ак-Кыя айылындагы К. Соодаев атындагы №9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысынын милдетин аткаруучу С. Айманованын отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Ак-Кыя айылындагы К. Соодаев атындагы №9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысынын милдетин аткаруучу С. Аймановага айыл элин сапаттуу тейлөө, социалдык оорулардын алдын-алуу, каттоодо турган жарандардын ал абалын өз убагында билип туруу, рецепт менен бериле турган дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу менен медициналык биринчи жардамды өз учурунда көрсөтүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагымыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Т. Жумамүдүн уулу |