Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин кезектеги XXXI сессиясы
23-июнь 2020-жыл № 31/152
Жеке ветеринарлардын жыл ичинде
жүргүзгөн иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык мал арасында ар кандай жугуштуу ооруларды алдын алуу боюнча жеке ветеринарлардын жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин отчетторун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Мал арасында ар кандай жугуштуу ооруларды алдын алуу боюнча жеке ветеринарлар А. Сасыковдун жана Т. Арпачиевдин жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин отчеттору канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |