Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин кезектеги XXXI сессиясы
2020-жылдын 23-июну № 31/153
№14 жол тейлөө ишканасынын жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык Сары-Булак айылындагы №14 жол тейлөө ишканасынын 2019-2020-жылдары жүргүзгөн иштери жана кышкы жол күтүүгө карата даярдыгы жөнүндө ишкананын начальниги К. Базаровдун отчетун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. №14 жол тейлөө ишканасынын начальниги К. Базаровдун 2019-2020-жылдары жүргүзгөн иштери жана кышкы жол күтүүгө карата даярдыгы жөнүндө отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Айылдын ичиндеги жолдордун ремонтуна жана жол белгилерине өзгөчө көңүл буруу жагы ишкананын начальниги К. Базаровго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага |
Т. Жумамүдүн уулу |