Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин кезектеги XXXI сессиясы
2020-жылдын 23-июну № 31/154
Д. Жумабеков атындагы Ак-Кыя айылдык байланыш бөлүмүнүн жыл ичинде жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Калкты газета-журналдар, пенсия, пособие менен камсыз кылууда жана маалыматтык күркө аркылуу элди тейлөөдө жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Ак-Кыя айылындагы Д. Жумабеков атындагы Ак-Кыя айылдык байланыш бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу М. Мырзабек уулунун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Калкты газета-журналдар, пенсия, пособие менен камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Д. Жумабеков атындагы Ак-Кыя айылдык байланыш бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу М. Мырзабек уулунун маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Байланыш бөлүмүнүн мындан аркы иштерин жакшыртуу менен калкты кечиктирилгис тейлөөнү камсыз кылуу жагы Д. Жумабеков атындагы Ак-Кыя айылдык байланыш бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу М. Мырзабек уулуна милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы регламент, депутаттык этика жана мандат, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Т. Жумамүдүн уулу |