Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин кезектеги XXXI сессиясы
23-июнь 2020-жыл № 31/155
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин Гидрометеорология боюнча агенттигинин катын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 84-85-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын 23-май 2008-жылдагы №94 «Кыргыз Республикасынын стратегиялык обьектилери жөнүндө» мыйзамынын 2-беренесине ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айылына «Каракужур дарыясы-Сары-Булак айылы» гидрологиялык постун, гидрологиялык курулмаларды, кызматтык имараттарды курууга жердин берилишинин мыйзамдуулугун кароо менен токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагыбюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |