Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин кезектеги XXXI сессиясы
23-июнь 2020-жыл № 31/156
Айыл аймагынын салык төлөөчүлөрүн ал жеткис күчтүн кесепетинен материалдык зыян тарткан учурларда салык төлөөдөн бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 330-беренесинин 4-бөлүгүнө жана 344-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, айыл өкмөтүнүн киреше, экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адиси Д. Тайдаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл аймагынын аймагында салык төлөөчүлөр ал жеткис күчтүн кесепетинен материалдык зыян тарткан учурларда 3 жылга чейинки мөөнөткө мүлк салык жана айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын төлөөдөн жарым-жартылай бошотулсун.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага |
Т. Жумамүдүн уулу |