Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин кезектеги XXXI сессиясы
23-июнь 2020-жыл № 31/157
Сары-Булак айылындагы калктуу конуштун жерлерин огородго келишим менен убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине жана 77-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К. Иманкулованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айылындагы калктуу конушту кеңейтүүгө трансформация болгон жерлерди огородго келишим менен убактылуу пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Сары-Булак айылындагы калктуу конуштун жерлерин убактылуу келишим менен берилишин жеке көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |