Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 13-июлу ПЖ № 381 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 21-апрелиндеги "Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 21-октябрындагы №476 "Коррупцияга каршы күрөш боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө"
Жар-лыгына ылайык Кыргыз Республикасынын коррупциянын алдын алуу боюнчаУлуттук агенттиги түзүлгөндүгүнө байланыштуу токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун2005-жылдын 21-апрелиндеги № 130 "Кыргыз Республикасында мамлекеттиккызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө"
Жарлыгына төмөнкүдөй то-луктоолор киргизилсин: - жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынынсаясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" деген № 1тиркеменин "Атайын мамлекеттик кызмат орундары" деген бөлүгүндө: II топ төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: "Кыргыз Респуб-ликасынын коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттигинин комисса-ры"; III топ төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: "Кыргыз Рес-публикасынын коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттигинин комис-сарынын орунбасары"; - жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынынадминистрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" деген № 2 тир-кемесинин "Борбордук органдар" деген V бөлүгү төмөнкү мазмундагы3-2-глава менен толукталсын: "3-2. Кыргыз Республикасынын коррупциянын алдын алуу боюнча Улут-тук агенттиги Жогорку кызмат орду В2 Аппараттын жетекчиси Башкы кызмат орду Г1 Башкарманын начальниги Г2 Комиссардын кењешчиси Басмасөз кызматынын жетекчиси Бөлүмдүн начальниги ГЗ Сектор башчы Эксперт Комиссардын жардамчысы Улук кызмат орду С1 Башкы адис Жетектөөчү адис С2 Адис Кыргыз Республикасынын коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттигинин региондук бөлүмдөрү Башкы кызмат орду Г2 Өкүлчүлүктүн жетекчиси Улук кызмат орду С2 Башкы адис С3 Жетектөөчү адис Адис". 2. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигине жүктөлсүн. 3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев