Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин кезектеги XXXI сессиясы
23-июнь 2020-жыл № 31/159
2020-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 3-6-бөлүмчөсүнө ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовдун отчетун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышы, 2020-2021-жылдары Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасынын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында жасалган иштери боюнча Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовдун отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2. 2020-2021-жылдары Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасынын аткарылышы боюнча кечиктирилгис иш алып баруу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагырегламент, депутаттык этика жана мандат, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |