Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы
30-январь 2020-жыл № 28/146
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансындагы трактор
жүктөгүчтү пайдалануусун жөнгө салуу боюнча жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 56-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 16-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жарандык кодексинин» 231-беренесине ылайык Сары-Булак айыл аймагына «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1» долбоорунун алкагында сатылып алынган трактор жүктөгүчтү пайдалануусун жөнгө салуу боюнча жобосун бекитүү жөнүндө жайыт комитетинин төрагасы Ы. Элтуйбасовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл аймагынын «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1» долбоорунун алкагында сатылып алынган трактор жүктөгүчтү пайдалануусун жөнгө салуу боюнча жобо бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансындагы трактор жүктөгүчтү жайыт комитетине оперативдик башкарууга өткөрүп берүү Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.
3. Трактор жүктөгүчтү пайдалануусун жөнгө салуу боюнча жобонун негизинде механизаторго келишимдик негизде бекитип берүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Ы. Элтуйбасовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагыбюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясынын
30-январь 2020-жылдагы №28/146
токтомунун тиркемеси.
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун
Сары-Булак айыл аймагына «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1» долбоорунун алкагында сатылып алынган МТЗ-82.1 Беларусь
трактор жүктөгүчүнүн пайдалануусун жөнгө салуу боюнча
ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Нарын областынын Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагына «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү 1» Долбоорунун алкагында сатылып алынган МТЗ 82.1 трактор жүктөгүчтү пайдалануусун жөнгө салуу
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Трактор жүктөгүчтү механизаторго башкарууга берүүнүн тартиби
III. Трактор жүктөгүчтү башкарууда механизатордун укуктары жана милдеттери
IV. Трактор жүктөгүчтү башкарууда жайыт комитетинин укуктары жана милдеттери
V. Трактор жүктөгчтү эксплуатациялоо боюнча жалпы тартиптер
I. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Нарын областынын Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагына «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү 1» Долбоорунун алкагында сатылып алынган трактор жүктөгүчтү эффективдүү пайдаланууну максатында иштелип чыкты жана ошондой эле трактор жүктөгүчтү эксплуатациялоо жана калкка кызмат көрсөтүү тартибин жөнгө салат.
1.2. Трактор жүктөгүч Сары-Булак айыл аймагына караштуу жайыттардын инфраструктурасын ондоо, калыбына келтирүү жумуштарында, башка трактор жүктөгүчтүн кызматына муктаж баардык объектилеринде жана ошондой эле айыл калкынын муктаж кызматтарына пайдаланылат.
1.3.Трактор жүктөгүч Сары-Булак айыл аймагына караштуу башка коомдук уюмдарга же муниципалдык ишканаларга келишимдин негизинде гана пайдаланууга берилиши мүмкүн.
1.4. Трактор жүктөгүч Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансында болот жана КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу” мыйзамынын 56 статьясы, “Мүлккө муниципалдык менчик тууралуу” мыйзамынын 16 статьясы, “КР Жарандык Кодексинин” 231 статьяларынын негизинде Сары-Булак айыл аймагынын жайыт комитетине оперативдик башкарууга өткөрүлүп берилет жана ошондой эле Жайыт комитети өз кезегинде механизаторго келишимдик негизде, кызмат көрсөтүү үчүн бекитип берет.
1.5. Трактор жүктөгүчтү пайдалануу, пайдалануу төлөмдөр Сары-Булак айыл аймагынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан бекитилген, жайыт комитетинин өз ара кабыл алган тарифтеринин жана чечимдеринин негизинде жүргүзүлөт.
II. Трактор жүктөгүчтү механизаторго башкарууга берүүнүн тартиби.
2.1. Трактор жүктөгүчтү механизаторго башкарууга берүүнүн жалпы шарттары:
- Аталган техниканы башкарууга укук берүүчү күбөлүктүн болушу;
- Аталган техниканы башкарууда 3 жылдан кем эмес стажы болуусу;
-Ден-соолугунун абалы тууралуу медициналык кароодон өткөндүгүн тастыктаган аныктама.
2.2. Жалпы шарттар аткарылган учурда, жайыт комитети өткөргөн конкурстан өткөн механизаторго келишимдин негизинде экскаватор жүктөгүч башкарууга бекитилип берилет.
III. Трактор жүктөгүчтү башкарууда механизатордун укуктары жана милдеттери:
3.1. Механизатор трактор жүктөгүчтү башкарууда төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Башкарууга берилген техниканы өз багытында пайдаланууга;
- Техниканы пайдаланууда пайдалануунун баардык эрежелерин сактоого жана талап кылынуучу баардык техникалык кароолорун өз убагында өткөрүп турууга, тениканы пайдаланбаган убакта жабык жерде сактоого.
- Техниканы бузук абалында иштетпөөгө;
- Техниканын бузулгандыгы аныкталганда, токтоосуз жумушту токтотуу жана жайыт комитетине кабарлоого;
- Техниканы таза жана ирээттүү кармоого;
- Техниканы кароосуз калтырып кетпөөгө;
- Техникалык тейлөөнүн мезгилдүүлүгүн так сактоого;
- Ден-соолугу начарлаган мезгилде же мас абалында техниканы башкарбоого;
- Кызмат көрсөтүүнүн баардык түрлөрүн, жайыт комитетинен берилген жолдомонун (путевка) негизинде аткарууга;
3.2. Механизатор трактор жүктөгүчтү башкарууда төмөндөгүлөргө укуктуу:
- Механизатор, трактор жүктөгүчтү пайдалануудан түшкөн каражаттын келишимде көрсөтүлгөн бөлүгүн жайыт комитетинин бухгалтериясынан эмгек акы үчүн алууга;
IV. Трактор жүктөгүчтү башкарууда жайыт комитетинин укуктары жана милдеттери:
4.1. Жайыт комитети томондогулорго милдеттүү:
- Жайыт башкаруучулар бирикмесине техниканын пайдаланылышы, келишимдердин аткарылышы жана техниканын абалы туралуу отчет берип турууга;
- Трактор жүктөгүчтү пайдалануудан тушкон каражатты максаттуу пайдаланууга жана жайыт комитетинин бухгалтериясы аркылуу жүгүртүүгө;
-Трактор жүктөгүчтүн иштөө тартибинде техникалык нормативдердин так сакталышын көзөмөлдөөгө.
- Трактор жүктөгүчтүн техникалык тейлөөсү, ремонт жана капиталдык ремонттторун өз убагында көзөмөлдөөгө.
4.2. Жайыт комитети төмөндөгүлөргө укуктуу :
- Механизатор менен түзүлгөн келишимдин шарттары аткарылбай жана механизатор тарабынан өзүм билемдик менен техниканы иштеткен учурда, жайыт комитети тарабынан бир тараптуу келишимди жокко чыгарып, конкурстун негизинде башка механизаторго берүүгө;
V. Трактор жүктөгүчтү эксплуатациялоо боюнча жалпы тартиптер
1. Трактор жүктөгүч Сары-Булак айыл аймагынын жайыт комитети тарабынан конкурстук негизде тандалып алынган механизаторго башкарууга берилет.
Конкурстук негизде тандалып алынуучу механизаторго төмөндөгүдөй талаптар коюлат:
- Аталган техниканы башкарууга укук берүүчү күбөлүктүн болушу;
- Аталган техниканы башкарууда 3 жылдан кем эмес стажы болуусу;
-Ден-соолугунун абалы тууралуу медициналык кароодон өткөндүгүн тастыктоочу аныктама.
2. Тандалып алынган механизатор жайыт комитети менен түзүлгөн келишимдин негизинде иш жүргүүзүүсү керек:
- Келишим Жайыт комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген чечимдерди жана территориялык, климаттык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен иштелип чыгуусу керек.
-Келишимде бардык талаптар камтылышы керек. Ошондой эле тараптардын кызыкчылыгы ачык айкын жазылышы шарт. Ар бир кызмат көрсөтүү акысы жайыт комитети тарабынан иштелип чыгып, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан бекитилген калькуляция эсептерине ылайык жүргүзүлүшү керек.
3.Менчиктин жана уюштуруучулук-укуктук форманын түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлгөн баардык кызматтар үчүн иштелип чыккан калькуляциянын негизинде, Айылдык Кеңеш тарабынан бекитилген прейскурант менен акы алынышы керек. |
|
4.Бул Жобо Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү менен макулдашылып, айылдык кеңеште бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Жайыт комитетинин төрагасы | Элтуйбасов. Ы. |