Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы
17-ноябрь 2020-жыл № 32/161
Шамен атындагы орто мектебинин директорунун
маалыматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык Сары-Булак айылындагы Шамен атындагы орто мектебинде 2019-2020-окуу жылдарында жүргүзгөн иштери жана жаңы окуу жылына даярдыгы жөнүндө мектептин директору Ж. Назаровдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Мектептин 2019-2020-окуу жылдарында жүргүзгөн иштери жана жаңы окуу жылына даярдыгы жөнүндө мектептин директору Ж. Назаровдун маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Мектептин окуу, тарбия иштерин жүргүзүүдө ички эмгек тартибин сактоону, билим берүүнүн жаңы багыттарын колдонуу менен окуучуларга татыктуу тарбия, билим берүүнү камсыз кылуу жагына көзөмөлдүктү күчөтүү жагы мектептин директору Ж. Назаровго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |