Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы
17-ноябрь 2020-жыл № 32/162
«Наристе-Ак-Кыя» бала бакчасынын директорунун
маалыматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык Ак-Кыя айылындагы «Наристе-Ак-Кыя» бала бакчасынын2019-2020-жылдарда жүргүзгөн иштери жана кышка даярдыгы жөнүндө бала бакчанын директору Б. Жумабекованын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1. «Наристе-Ак-Кыя» бала бакчасынын2019-2020-жылдарда жүргүзгөн иштери жана кышка даярдыгы жөнүндө бала бакчанын директору Б. Жумабекованын маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. «Наристе-Ак-Кыя» бала бакчасынынички эмгек тартибин сактоону, балдарга тарбия берүүнүн жаңы багыттарын колдонуу менен балдарга татыктуу тарбия, билим берүүнү камсыз кылуу жагына көзөмөлдүктү күчөтүү жагы бала бакчанын директору Б. Жумабековага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |