Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы
17-ноябрь 2020-жыл № 32/163
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча
жергиликтүү салыктын аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 2-бөлүмчөсүнө ылайык жергиликтүү салык пландарынын 2020-жылдын тогуз айлыгынын аткарылышы боюнча баардык салыктардын түрлөрү боюнча план 1850,0 миң сом, аткарылганы 1754,8 миң сомго же 94,8 % аткарылгандыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн киреше, экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адиси Д. Тайдаеванын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Жергиликтүү салык пландарынын 2020-жылдын тогуз айлыгынын аткарылышы боюнча киреше, экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис Д. Тайдаева тарабынан жергиликтүү салыктын эки түрүнөн аткарбай калгандыгы жана жетиштүү деңгээлде иш алып барбагандыгы белгиленсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда план тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н. Курмановго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |