Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы
17-ноябрь 2020-жыл № 32/165
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин
пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 5-бөлүмчөсүнө ылайык айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берилиши жана ижара акыларынын өндүрүлүшү боюнча жүргүзүп жаткан айыл өкмөтүнүн иштери жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К. Иманкулованын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берилиши жана ижара акыларынын өндүрүлүшү боюнча жүргүзүп жаткан айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К. Иманкулованын иштеринин маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүүдө жана пайдаланууда жобонун талаптарын так сактоо менен конкурстарды уюштуруу, кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин бош калтырбоо үчүн элге кеңири түшүндүрүү, жакыр үй-бүлөөлөргө асылдуулугу жогору жерлерден конкурссуз берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К. Иманкуловага тапшырылсын.
3. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берилиши менен ижарага берилген жерлерди пайдалануу жагын катуу көзөмөлгө алуу менен бирге кетирилген кемчиликтер боюнча чара көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |