Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы
17-ноябрь 2020-жыл № 32/167
Жайыт пайдалануучулар бирикмесине кошумча бюджет түзүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 28-июль 2020-жылдагы №1189 катынын негизинде Сары-Булак айылдык Кеңешинин 29-октябрь 2018-жылдагы №18/86 токтомунун негизиндеги Кара-Жылга участкасынан жайытты кыйыр пайдаланууга бөлүнүп берилген жерлерден түшүүчү акча каражатына кошумча бюджет түзүү боюнча жайыт комитетинин төрагасы Ы. Элтуйбасовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл аймагында жайытты кыйыр пайдаланууга бөлүнүп берилген Кара-Жылга участкасындагы 31,50 га жеринен түшүүчү 15 750 (он беш миң жети жүз элүү) сом акча каражатына кошумча бюджет түзүүгө макулдук берилсин.
2. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн жергиликтүү өз алдынча башкарууга тиешелүү жалпы үлүшүнүн үчтөн бир бөлүгүнөн кем эмес салыктардын төлөмүн жергиликтүү бюджетке которуу жагы жайыт комитетинин бухгалтери Р. Келдибек уулуна тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Ы. Элтуйбасовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |