Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы
17-ноябрь 2020-жыл № 32/168
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин
кайрылуу катын кароо жөнүндө
1. Сары-Булак айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 13-ноябрь 2020-жылдагы элдик жыйындын №4 протоколундагы сунуш жөнүндө жайыт комитетинин төрагасы Ы. Элтуйбасовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетиндеги жайыт жакшыртууга каралган акча каражатынан Ак-Кыя айылындагы №9 К. Соодаев атындагы үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобунун имаратына таза суу киргизүүгө 15 000 (он беш) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнүп берилген 15 000 (он беш миң) сом акча каражаты Ак-Кыя айылындагы №9 К. Соодаев атындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына суу киргизүүгө керектелүүчү жабдыктардын чыгымдарына максаттуу жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Ы. Элтуйбасовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |