Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз II сессиясы
2020-жылдын 19-марты №2-3
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2021-2023-жылдарга карата болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоорун бекитүү жөнүндөгү Ат-Башы айылдык кещешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жусубалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ат-Башы айылдык Кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2021-2023-жылдарга карата болжолдуу долбоору төмөндөгүдөй бекитилсин:
-2021-жылга 25 223 400 сом, мунун ичинен:
-тещдештирилген грант-1 290 000 сом
-жергиликтүү кирешелер-23 933 400 сом
-2022-жылга 25 829 900 сом, мунун ичинен:
-тещдештирилген грант-886 100 сом
-жергиликтүү кирешелер-24 943 800 сом
-2023-жылга 27 051 000 сом, мунун ичинен:
-тещдештирилген грант-1 000 000 сом
-жергиликтүү кирешелер-26 051 000 сом
2. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше болүгүнүн 2021-2023-жылдарга карата бекитилген болжолдуу долбоорун эске алуу жагы айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жусубалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары | К. Асанбаева |