Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кещешинин депутаттарынын кезектеги V сессиясынын
2020-жылдын 28-июлу № 5-1
Ат-Башы айыл өкмөтү жана «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы тарабынан 2019-жыл ичиндеги аткарылган иштери жөнүндө
2019-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековдун отчетун жана Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Д. Сулаймановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековдун 2019-жылдагы аткарганган иштери канааттандырарлык деп табылсын;
2. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Д. Сулаймановдун берген маалыматы эске алынсын;
3. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын 2019-жыл жана 2020-жылдын 6 айлыгы боюнча жүргүзгөн ишмердүүлүгүн жыйынтыгын депутаттык комиссия анализдеп, кийинки сессияга сунушталып, баа берилсин;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещешинин депутаттарынын төрагасы Т.Ыдырысовго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары | К.Асанбаева |