Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кещешинин депутаттарынын кезектеги V сессиясынын
2020-жылдын 28-июлу № 5-3
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинде пайдаланылбай турган акча каражатынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бекитилген бюджетинде кышка даярдык көрүү максатында көмүр сатып алуу үчүн акча каражаты III кварталга жетишсиз өлчөмдө каралып калгандыгына байланыштуу жана бүгүнкү күнгө көмүрдүн 50 % ашыгы келип түшкөндүктөн, айыл өкмөттүн бюджетиндеги пайдаланылбай турган акча каражатын статьядан статьяга которуп берүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралып, пайдаланылбай турган 1 238 800 (бир миллион эки жүз отуз сегиз миң сегиз жүз) сом акча каражаты 3111 статьясынан 2224 статьясына жылдырылып берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары | К. Асанбаева |