Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги V сессиясы
2020-жылдын 28-июлу №5-9
Ак-Сай өрөөнүндөгү Ат-Башы айыл өкмөтүнө тиешелүү турак жайдын эки бөлмөсүн ветеринардык пункт уюштуруу үчүн убактылуу берүү жөнүндө
Ак-Сай өрөөнүндөгү Ат-Башы айыл өкмөтүнө тиешелүү турак жайдын эки бөлмөсүн ветеринардык пункт уюштуруу үчүн убактылуу берүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К. Жапаровдун билдирүүсүнө ылайык Ак-Сай өрөөнүндөгү калктын жана жайлаганы келген малчылардын малын ветеринардык кароодон өткөрүп туруу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай өрөөнүндөгү Жащы маданий борборунун күн батыш тарабында жайгашкан Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу турак жайдын эки бөлмөсүн ветеринардык пункт уюштуруу үчүн Ат-Башы райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгына 2021-жылдын декабрь айына чейин убактылуу пайдаланууга берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Жапаровго милдеттендирилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары | К. Асанбаева |