Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз III сессиясы
2020-жылдын 07-октябры №3-1
Ат-Башы айылындагы “Авангард Строй” курулуш фирмасы менен түзүлгөн бала бакчаны куруу боюнча келишимди жокко чыгаруу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен курулуп жаткан 120 орундук бала бакчаны куруп жаткан “Авангард строй” курулуш фирмасы менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу жөнүндөгү айылдык кещешинин депутаттарынын сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен курулуп жаткан 120 орундук бала бакчаны куруп жаткан “Авангард строй” курулуш фирмасы менен түзүлгөн бала бакчаны куруу боюнча келишими жокко чыгарылсын жана тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасы | Т.Ыдырысов |