Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги VI сессиясы
2020-жылдын 04-декабры №6-3
Айылда жашаган жетим, жарым жетим, ошондой эле мигранттардын балдары жана балдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктун, өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө
Айылда жашаган жетим, жарым жетим, ошондой эле мигранттардын балдары жана балдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктун, өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөүндөгү айыл өкмөттүн социалдык жактан коргоо жана социалдык маданий маселелер боюнча жетектөөчү адиси К.Казиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылда жашаган жетим, жарым жетим, ошондой эле мигранттардын балдары жана балдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктун, өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндөгү Айыл өкмөттүн социалдык жактан коргоо жана социалдык маданий маселелер боюнча жетектөөчү адиси К.Казиеванын берген маалыматы алымча-кошумчасы менен эске алынсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары | К. Асанбаева |