Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXV - сессиясы
2020-жылдын 18-ноябры № 25/1
Талаа-Булак айыл аймагында жеке агрономдук ишти уюштуруу жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагында дыйканчылык иштерди жакшыртууну колго алуу үчүн жеке агрономдук ишти уюштуруунун максаты жѳнүндѳ Исаков Жолдошбектин маалыматтын угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагындагы дыйканчылык иштерди жакшыртуу максатында жеке агрономдук кызматы уюштурулсун
2. Талаа-Булак айыл аймагын Комсомол айылынын тургуну Ж.Исаковка жеке агроном катары иш жүргүзүүгѳ макулдук берилсин.
3. Жеке агрономдун иштерине байланыштуу дары чачтыруу шаймандарын иштетүүдѳ кызмат акы тарифи тѳмѳнкүдѳй болуп бекитилсин:
-картошка, буудай,арпа,беде ѳсүмдүктѳргѳ -1га жерге -1200 сом
-алма,ѳрүк, кара ѳрүк ж.б. бактарга -1түпкѳ -100сом
4. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳлдүк кылуу жагы айыл чарбасы, жер айлана-чѳйрѳнү коргоо, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Р. Эсекеев |