Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXV - сессиясы
2020-жылдын 18-ноябры № 25/2
Талаа-Булак айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин жана Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, коомдук уюмдардын, жарандардын жашаган жана иштеген шайлоочулардын чогулуштарынын Талаа-Булак айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүүлгөн талапкерлер боюнча келип түшкөн протоколдорун карап чыгып жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагындагы №4161 Комсомол участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөткөн коомдук уюмдардын , жарандардын жашаган жеринен жана мекеме ишканада иштеген шайлоочулардын протоколдору бекитилсин.
2. Талаа-Булак айыл аймагындагы №4161 Комсомол участкалык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси жана тийешелүү документтери Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын,
3. Участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине сунушталган талапкерлерди бекитип берүү жагы Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын суралсын
Тѳрага | Р. Эсекеев |