Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXV - сессиясы
2020-жылдын 18-ноябры № 25/3
Дөн-Алыш айылындагы “К.Мамбеталиев” атындагы орто мектебинин эски от жагуучу(кочагар) имаратын ден-соолук чыңдоочу күрөш спорт зал багытында өзгөртүүлгөн долбооруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан конкурстук негизде берилүүчү түрткү берүүчү грант менен капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн Кочкор райондук шаар, курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан Талаа-Булак айыл аймагынын Дөң-Алыш айылындагы «К.Мамбеталиев» атындагы орто мектебинин эски от жагуучу (кочагар) имаратын ден-соолук чыңдоочу күрөш спорт зал багытындан ѳзгѳртүлүп бүткөрүлгөн долбоорунун сметасы жөнүндө Эмил уулу Алтымыштын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 28-беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагынын Дөң-Алыш айылындагы «К.Мамбеталиев» атындагы орто мектебинин эски от жагуучу (кочагар) имаратын ден-соолук чыңдоочу күрөш спорт зал багытындан ѳзгѳртүлгөн долбооруна 2997 420 (эки миллион тогуз жүз токсон жети миң тѳрт жүз жыйырма) сомдук сметалык долбоору жасалганы белгиленсин.
2. Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтʏнʏн 2020-жылдык бюджетинен өздүк салым үчүн 7% өлчөмүндө накталай 209,820 сом төлөнүп берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жолдошбек уулуна жана башкы бухгалтер М.Исраиловага тапшырылсын
Тѳрага | Р. Эсекеев |