Загрузка документа…
КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Ой айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын №31 кезектеги сессиянын отуруму
2020-жылдын 4-ноябры № 31
1. Көк-Ой айылдык кенешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын №31 кезектеги сессиянын отурумунда маселе каралып, 2020-жылы бюджет бекитилгенде статья 11112220 “Патентке ” берилген план 500.0 мин\сом бекитилген. Азыркы күндө 2020-жылы 8-айдын ичинде 76.8 м\с акча каражат түшкөн жана карыз 119.2 м\с төгүлбөй жатат төгүлбөгөнун себеби айыл өкмөтүндө жайгашкан чек-ара кызматкерлери Талас шаарына көп кабатту үй салынып чек-ара кызматкерлерине берилгенине байланыштуу көчүп кетишкен.
Жогоруда айтылган маселе боюнча каралган план, Патентке статья 11112220 119.2 м\с азайтүү боюнча Көк-Ой айыл кенеши Сиздерге кайрылганыбыздын себеби , Талас райондук финансалык бөлүм башчысына кайрылып мыйзамдын негизинде тез арада чечип берүүнүздү суранабыз.
2. КР Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 36-беренесинин, 7-пунктусуна ылайык Көк-Ой айылы, Ленин көчөсү № 299 дарегинде жайгашкан курулуп жаткан спорт комплекстин кун чыгыш тарабындагы теректер курулуш иштерине тоскоолдук жаратып жаткандыктан жана Жениш стадиондогу каражыгачтар, Асель бала бакчанын чыгыш тарабындагы дарактарды , Ленин көчөсүндөгү райондук вет .станциянын жанындагы, ошондой эле айыл аймагына таандык коопсуздук келтирген жана куурап калган дарактарды мыйзамдын негизинде кыюуга уруксат берилсин.
3. 2020-жыл региондорду онуктуруу жана олкону санариптештируу жылынын алкагында Көк-Ой айылынын тургундарын тез жана ынгайлуу тейлоо максатында Көк-Ой айыл өкмөтүнүн имаратына “бирдиктуу терезе” орнотулуп ага тийешелуу материалдык-техникалык жактан жабдылышына смета түзүлүп, бюджеттен акча каражаты каралсын
4. КР Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-беренесине ылайык Көк-Ой айыл өкмөтүнүн өздүк веб-сайты ачылып бюджеттен акча каражаты каралсын.
5. Көк-Ой айыл аймагынын чегинде ар кандай тартип бузууларды мыйзам чегинде алдын алуу жана токтотуу максатында видео көзөмөл камерасы орнотулсун жана сметасы түзүлүп бюджеттен акча каражаты каралсын.
6. Көк-Ой айыл өкмөтүнө караштуу маданият үйдү кап ремонттон өткөрүү үчүн КР Мин.финге дем берүүчү (үлүштүк) грантка проект жазылсын жана өздүк салым бөлүп берүү жагы Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Мурат Шамильге жүктөлсүн..
7. Токтомдун аткарылышы жана көзөмөл жагы Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Мурат Шамильге тапшырылсын.
Көк-Ой айыл депутаттардын кенешинин төрагасы | М.Ашыралиев |