Загрузка документа…
КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 21-январы № 33
Көк-Ой айылдык округунун 2021-жылдын бюджетин бекитүү жана 2020-жылдын бюджетин кабыл алуу жөнүндө
Көк-Ой айылдык Кеңешинин депутаттардын VIII- чакырылышынын отуз үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ой айылдык округунун 2021-жылдын бюджети бекитилсин.
(доклад тиркелет)
2. Көк-Ой айылдык округунун 2020-жылдын бюджеттин аткарылышы кабыл алынсын.
(доклад тиркелет)
3 .2020-2023-жылдар мезгилинде Көк-Ой айыл аймагынын социалдык-эконимикалык өнүгүү стратегиялык планы бекитилсин.
4.”Тай-Кулук” бала –бакчасынын коридору суук болгонуна байланыштуу жылытуучу кондиционер сатып алганга -56000 сом акча каражат бюджеттин эсебинен каралсын.
5. Көк-Ой айыл өкмөтүнө караштуу “Асель” бала-бакчанын 14.02.2020-ж жалпы ата-энелер чогулушунун №1 протоколдун чечиминин негизинде жаны келген балдардын берилүүчу өздүк салым 2000 сом мыйзамдын негизинде кабыл алынсын. (жооптуу “Асель” б\б директору – Рысбек кызы Анарага жүктөлсүн).
6.Көк-Ой айыл аймагындагы эпизотиялык мандыкты жана ветеринардык -санитардык коопсуздукту камсыз кылуу максатында вет.врач Айдаркулов Азамат Маратовичке он эки айга айлык маянасы 5.000 сом эркин каражаттын эсебинен келишимдин негизинде каралсын.
7. Т.Кушчубаева атындагы Көк-Ой орто мектебине караштуу логопедте иштеген кызматкерге айлык маянасы акча каражат 200.000 (эки жүз) мин.сом жана мектептеги 1-4 класстын окуучуларына ысык тамакка жардам иретинде 15-кап унда эркин каражаттын эсебинен келишимдин негизинде каралсын.
8. К.Момункулов атындагы Таш-Төбө орто мектебинин окуучу балдарына ысык тамагына кошулуучу эт алуу үчүн кошумча ай сайын 3000 сом акча каражат жана мектебинин эки капталынын тосмосуна ремонт кылуу үчүн 300.000 сом бюджеттин эсебинен каралсын жана мектептеги 1-4 класстын окуучуларына ысык тамакка жардам иретинде 5-кап унда эркин каражаттын эсебинен келишимдин негизинде каралсын.
9. Көк-Ой айыл өкмөтунө караштуу үч көрстөнгө элдин талабыныни негизинде карыларга шарт түзүү максатында ар бир көрстөнгө он отургуч жасоо үчүн бюджеттин эсебинен акча каражат каралсын. (смета тиркелет).
10. Көк-Ой айыл өкмөтүнө караштуу малчылардын малын карышкырдан жана чөөдөн сактоо үчүн жыл ичинде Бечекеев Мурат Асанкадыровичке финансалык жардам 5000 сом кача каражат бюджеттин эсебинен каралсын.
11. Көк-Ой айылдын тургуну Эзембаев Кенеш Чоконовичке “ Сатылган “ жааматтын кайрылуусунун негизинде “ Көк-Ой айылдын ардактуу наам ыйгарылсын”.
12. Көк-Ой айыл өкмөтүнүн бюджетине, жайыт комитетинен түшкөн акча каражаты,3\2 кайрадан жайыт комитетине которулат, айыл өкмөтүнүн атайын эсеп счетуна , айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетинин 30% муктаж болгонуна байланыштуу тушкон акча каражат мыйзамдын негизинде каралсын жана тендер аркылуу берилсин.
13. Февраль айында Көк-Бөру боюнча Талас районуна караштуу айыл өкмөттөрдүн арасында Көк-Ой айыл өкмөтүнун “ Көк-Бөрү “ командасына 100.000 сом акча каражат каралсын.
14. Көк-Ой айыл кенешин депутаттарынын иш-кагаздарын мыйзам негизинде алып баруу максатында”НОУТБУК” сатып алуу үчүн бюджеттин эсебинен акча каражат каралсын.
15. Көк-Ой айыл өкмөтунө караштуу спорт комплексе -545,639 сом акча каражат бюджеттин эсебинен каралсын 2,454,361 сом эркин каражаттын эсебинен каралсын.
16. Көк-Ой айыл өкмөтүнө караштуу “Асель” бала бакчанын чегерасынын кун чыгыш тарабында элдин талабынын негизинде жол ачуу үчүн 100.000 сом акча каражат бюджеттин эсебинен каралсын
17. Көк-Ой айыл өкмөтүнө айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планы 2021-2026-жылга чейнки мөөнөткө бекитилсин (тиркеме № тиркелет 3 (үч) баракта.
18. Токтомдун аткарылышы жана көзөмөл жагы Көк-Ой айыл өкмөтүнун башчысы – Мурат Шамильге тапшырылсын.
Көк-Ой айыл кеңешинин төрайымы | Кенжегулова А.А. |