Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-октябры № 14
Кара-Суу айылынын Б.Оторбаев көчөсүнүн түндүк тарабындагы токой- чарбасы менен чектешкен жерде жаңы ачылган ордо аянтчасына Шаболот уулу Адылбектин атын ыйгаруу жөнүндө
Кара-Суу айылдык аймактык Кеңеши Кара-Суу айылынын тургундарынан келип түшкон арызын карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара- Суу айыл айылынын Б.Оторбаев көчөсүнүн түндүк тараптагы токой чарбасы менен чектешкен жерден ордо аянтчасын курууга 2,5 сотых жер бөлүнүп берилсин.
2. Ордо аянтчасын куруу үчүн керектүү юридикалык иш- кагаздарын даярдап берүү жагы Кара - Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловго милдеттендирилсин.
3. Кара- Суу айылынын тургундарынан келип түшкөн арызы канаттандырылып, Кара- Суу айылынын Б.Оторбаев көчөсүнүн түндүк тараптагы токой чарбасы менен чектешкен жерде жаңы ачылган ордо аянтчасына Шаболот уулу Адылбектин ысымы ыйгарылсын.
4. Ордо аянтчасынын тегеригинин тазалыгын, жашылдандыруу иштерин жүргүзүү жагы уулу Жаркыналиев Зулхарга милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага | Р.Кабылов |