Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29-октябры № 16
2020-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен ар кандай чыгымдардан, ремонт иштеринен, иш сапар чыгымдарынан үнөмдөлүп калган акча каражатты пайдалануу жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловдун 2020-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен ар кандай чыгымдардан, ремонт иштеринен, иш сапар чыгымдарынан үнөмдөлүп калган акча каражат жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкулап чыгып Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 48-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2020-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен ар кандай чыгымдардан 200 000 сом, ремонт иштеринен 37 800 сом, иш сапар чыгымдарынан 50 000 сом, А.Карыпкулов атындагы орто мектебинин терезелерин алмаштырууга өздүк салымдан үнөмдөлүп калган 92 200 сом жалпы 380 000 сом төмөндөгүдөй жумшалсын:
1. 2020-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен үнөмдөлүп калган 380 000 сом А.Карыпкулов атындагы орто мектебинини терезелерин алмаштырууга жумшалсын.
2. Каралган акча каражатты өз убагында которуп берүү жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Карабаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин муниципалдык менчик экономикалык өнүктүрүүнүн пландары бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.
Тѳрага | Р.Кабылов |