Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-декабры № 17
2020-жылдын башында аппарат тармагынын атайын эсеп счетунда эркин каражат болуп калган акча каражатты пайдалануу жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловдун 2020-жылдын башында аппарат тармагынын атайын эсеп счетунда эркин каражат болуп калган акча каражатты пайдалануу жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкулап чыгып Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 49-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2020-жылдын башында аппарат тармагынын атайын эсеп счетунда эркин каражат болуп калган 126 300 (жүз жыйырма алты миң үч жүз) сом төмөндөгүдөй жумшалсын:
1. 59 000 (элүү тогуз миң) сом 2019-жылдын декабрь айындагы тендерден жеңүүчү аталып, алынып келинген инвентарлардан которулуп берилбей калган карыз “Солтонкул” ЖЧКнун банктагы эсебине которулуп берилсин.
2. 67 300 (алтымыш жети миң үч жүз) сом Кара-Суу айыл аймагындагы М.Береналиев атындагы спорт комплексине машыгууга керектүү шаймандарды алууга жумшалсын.
3. Каралган акча каражатты өз убагында которуп берүү жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Карабаевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин муниципалдык менчик экономикалык өнүктүрүүнүн пландары бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.
Тѳрага | Р.Кабылов |