Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-декабры № 18
Кара-Суу айыл аймагындагы жаңы курулуп бүткөн бала-бакчага ысым ыйгаруу жөнүндө
Кара-Суу айылынын тургуну Абыкеев Насирдин апасы Шадыканова Берметтин ысымын Кара-Суу айыл аймагындагы жаңы курулуп бүткөн бала-бакчага ыйгаруу жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап чыгып Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 49-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагындагы жаңы курулуп бүткөн бала-бакчага өмүрүн жалаң балдарга арнап, билим-тарбияны татыктуу берип келген тубаса мугалим, маркум Шадыканова Берметтин ысымы ыйгарылсын.
2. Бала-бакчанын тегерегин жашылдандырылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Абыкеев Насирдин үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык аймагынын башчысы Р.Биримкуловго жүктөлсүн.
Тѳрага | Р.Кабылов |