Загрузка документа…
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2020-жылдын 24-сентябры № 2/2
Баш-Кайыңды айылынын тургуну Жумаков Эдилбектин арызын кароо жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагына караштуу Кара-Тал участкасынан жердин алдынан артезиан суусун айылга киргизүү боюнча сунушту угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
1. Баш - Кайынды айыл аймагына караштуу Кара - Тал участкасынан жердин алдынан артезиан суусун айылга киргизүү боюнча уруксат берилсин.
2. Тиешелүү документтерди даярдоо жана мыйзам чегинде аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис А.Мааметов, айыл өкмөтүнүн туризм экология жана инвестиция боюнча башкы адиси А.Касымалиева жана айыл аймагындагы “Шар-Акак” таза суу пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Э.Төлөковго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковго жүктөлсүн.
Тѳрага | Ж.Асеков |